Редакцияот 26.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 26-августу  №69

Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

              Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” №554 токтомунун, Савай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы кезексиз отурумунун протоколунун негиздеринде  Савай айылдык кеңешинин кезексиз отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айылдык округунун кеңешинин  бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдагы  24-августундагы протоколунун, Савай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 24-августундагы № 01-13/2465 катынын негиздеринде 2026-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө  түшкөн   3 200 000 сомду төмөндөгү максаттарга иштетүүгө жумшалсын :

-Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылы айылдарды социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн, инфраструктурасын жакшыртуу  боюнча кабыл алынган  долбоорлорду  региондорду өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыруу үчүн – 2 000 000 сом;

-Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылы айылдарды социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн, инфраструктурасын жакшыртуу  боюнча смета ж.б. түзүүгө  - 520000 сом;

- Х.Таширов а.о.м. билдирүүсүнүн негизинде 2026-2027-күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү иштерине 300,0 миң сом ;

- Кызыл-Шарк айылынын Х.Таширов, А.Алахунов көчөлөрүнүн оңдоо иштерине – 80,0 миң сом ;

- Савай айылдык кеңешине компьютердик техника алуу үчүн -150,0 миң сом;

- Спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн -150,0 миң сом ;

2.Савай айыл өкмөтүнө берилген каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин  жана пайдаланбай калган каражат үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилсин.

      3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

      4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Осмоналиев