Редакцияот 26.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 26-августу  №71

Савай айыл аймагындагы “Арзуу”, “Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кайрылуулары жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин «Келечек үчүн билим берүү » долбоорунун алкагында  Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы  кезексиз XX отурумунун протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 21-августундагы протоколунун негизинде  Савай айыл аймагындагы “Арзуу”, “Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  алдында ачылган 3 саатык тайпаларды 10 саатык  тайпа  ачууга макулдук берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомунун негизинде “Арзуу”, “Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 1 (бир) тайпадан ачууга макулдук берилсин.
  3. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн

-“Арзуу”, “Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  алдында ачылган 3 саатык тайпаларды  10 саатык тайпа  ачуу;

-“Арзуу”, “Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 1 ( бир) тайпадан ачуу  жөнүндө айылдык округунун кеңешинин кабыл алынган токтомун колдоп берүү жагы суралсын.

       4. Савай айыл өкмөтүнө, “Арзуу”, “Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлоруна:

-“Арзуу”, Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  алдында ачылган 3 саатык тайпаларды  10 саатык тайпа  ачуу;

-“Арзуу”, Ай-Бала”, “Балаты” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча 1 ( бир) тайпадан ачуу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.

      5.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

      6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

      7. Токтомдун аткарылышын социалдык саясат, мамлекеттик тил, маданият, социалдык коргоо боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Осмоналиев