Редакцияот 26.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 26-августу  №72

Савай айылдык округунун кеңешинин “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тарифтери жөнүндө жөнүндө

                      Кыргыз Республикасынын “Өндүрүш жана керектөө калдыктары” жөнүндө мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын   34,39-беренелеринин, Савай айылдык округунун кеңешинин  кеңешинин депутаттардын 2026-жылдын 26-августундагы кезексиз  отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

         1.Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-августундагы отурумунун протоколунун негизинде Савай айылдык аймагында катуу тиричилик таштандыларды ташып чугууга төмөндөгү тариф бекитилсин :

          - коммерциялык обьектилер үчүн  1 кв.м - 20 сом.

2. Савай айыл өкмөтүнө “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тариф саясатын жүргүзүү иштерин көзөмөлдөө, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.

        3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

        4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Осмоналиев