Редакцияот 26.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 26-августу  №75

Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы көчөлөргө газ түтүктөрүн тартуу иштерин жүргүзүү боюнча долбоорду колдоо жөнүндө

   Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” №554 токтомунун, Савай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы кезексиз отурумунун протоколунун негиздеринде  Савай айылдык кеңешинин кезексиз отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. Савай айылдык округунун кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдагы  24-августундагы протоколунун, Савай айыл өкмөтүнүн  2026-жылга долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  кабыл алган иш-чаралардын негизинде Кен-Сай айылындагы  М.Абдиев көчөсүнө - 2045370,9 сомдук, Б.Айдаров,  Маматов, Кыдырша, Жаштык көчөлөрүнө – 4525929,0 сомдук,  жаңы көчөлөргө – 6499932,8 сом   газ түтүктөрүн тартуу  иштерине, анын ичиненен  айыл өкмөтүнүн салымы  4525929,0 сом болгон  долбоорлор колдоого алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2-региондор аралык башкармалыгынан Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылы айылдарды социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн, инфраструктурасын жакшыртуу боюнча   кабыл алынган  долбоорду колдоп берүү жагы суралсын.

3.Савай айыл өкмөтүнө берилген каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин  жана пайдаланбай калган каражат үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилсин.

      4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

      5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Осмоналиев