Редакцияот 26.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 26-августу  №77

Савай айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-мартындагы “Савай айылдык аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө” № 13 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республиксынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушунун протоколдорун, Савай айылдык кеңешинин кезексиз отурумунун протоколунун негиздеринде  Савай айылдык округунун кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Савай айылдык  аймагындагы №5178 Савай участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн башка жумушка которулгандыгына байланыштуу  төмөндөгү комиссия мүчөлөрү участкалык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарылсын :

 Камбарова Айгуль Асилбековна - №128 о.м. мугалим

 Маматова Марапат Абабакировна – дыйкан чарбанын мүчөсү

       Айбек кызы Махинур – үй кожойкеси

Төмөндөгү жарандар берилген протоколдордун негизинде участкалык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилсин :

Султанбек кызы Аху – үй кожойкеси

 Элбара Кылычбек кызы - №100 С.Бахапова а.о.м. мугалими

Айтакунова Замира Абдылдаевна - №100 С.Бахапова а.о.м. мугалими

.    -  №5175 шайлоо участкасынын курамынан берилген арызынын негизинде:

-.Карыева Жаркынай – С.Аристанбеков а.о.м. мугалим №5175 УШК курамынан чыгарылсын;

-Кундузова Айгерим – С.Аристанбеков а.о.м. мугалими №5175 УШК курамына киргизилсин.

2. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына сунушталсын.

      3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

      4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын этика, мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча  депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Осмоналиев