Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №1
Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылындагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын, 2026-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2027-2028-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылга бюджетинин аткарылышын, 2026-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2026-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 5-беренесинин 1-пунктуна жана 78-79-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 27 статьясынын 5 пунктуна ылайык, 34-жана 39-беренелерине таянып, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде ылайык, Ноокат шаардык кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. 2026-жылга Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджети төмөнөгү өлчөмдө кирешелер 117 582 500 (Бир жүз он жети миллион беш жүз сексен эки миң беш жүз) сомго. чыгашалар 117 582 500 (Бир жүз он жети миллион беш жүз сексен эки мин беш жүз) сомго бекитилсии.
2. Ноокат шаар мэриясынын 2027-жылга 132 474 500 (Бир жүз отуз эки миллион төрт жүз жетимиш төрт миң беш жүз) сом, 2028-жылга 148 757 500 (Бир жүз кырк сегиз миллион жети жүз элүү жети миң беш жүз) сом өлчөмүндөгү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Атайын каражаттардын кирешеси сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн акча бөлүгү толугу менен шаардык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары белгиленсин.
4. Шаардык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда «Кыргыз Республикасынан 2026-жылга республикалык бюджети 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
5. Ноокат шаар мэриясынын 2024-жылдагы бюджетинин бекитилген планы 91082.6 миң сом, такталган планы 89510,0 миң сом жана аткарылышы 92584,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Ноокат шаар мэриясынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаарынын мэри А.Р.Абдибаевке милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдүк кылуу Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициалар, ишкердик жүргузүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |