Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №2
Ноокат шаардык мэриясы 2026-жылдын 1-январына карата калган калдыктардын эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2026-жылдын 1-январына карата калган калдыктардын эсебинен калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1.Ноокат шаардык мэриясынын 2026-жылдын 1-январына карата калган калдыктардын эсебинен калган 3 308 153 (Үч миллион үч жүз сегиз миң бир жүз элүү үч) сом акча каражаты бөлүштүрүлсүн.
2.Ноокат шаардык мэриясынын атайын эсеп счетунан 2026-жылдын 1-январына карата калган калдык 1187173 (Бир миллион бир жүз сексен жети миң бир жүз жетимиш үч) сом акча каражаты бөлүштүрүлсүн.
3.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
М.Эгембердиев |