Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №3
Ноокат шаардык мэриясынын 2024-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2026-жылга шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2024-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2026-жылдын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2024-жылга Республиканын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджети жөнүндөгү мыйзамдын негизинде, Ноокат шаардык мэриясынын 2026-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин долбоорун Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренлерине таянып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1.2026-жылга Ноокат шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча 8500,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
2.Ноокат шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетин чыгашалары боюнча багыттары бекитилсин.
3.Ноокат шаардык мэриясынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 7.500,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 7 524,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
4. Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылыппын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |