Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-сентябры №39/XII-29
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтуу жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн азайышы жөнүндө социалдык –экономикалык бөлүм башчысы Н.К. Бектемированын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгына ылайык, Кочкорбаев айылдык кенеши токтом кылат:
1. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин киреше бөлүгүн салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча 4 490,8 (төрт миллион төрт жүз токсон миң сегиз жүз) сомго азайтуу;
-11312 – “кыймылдуу мүлк”салыгы 2 797,8 (эки миллион жети жүз токсон жети миң сегиз жүз) сомго;
-11321200- “Айыл чарба жерлерине тиейшелүү жер участогуна мүлк салыгы 1693,0 (бир миллион алты жүз токсон үч миң) сомго.
2. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин чыгаша бөлүгүн төмөнкү бөлүмдөр боюнча 4490,8 (төрт миллион төрт жүз токсон миң сегиз жүз) сомго азайтуу:
Бөлүм 70629 “ТЖКЧ”
-2215-ст. “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 865,8 миң сом суммасына;
-2221-ст. “Учурдагы оңдоого” 860,0 миң сом суммасына;
-3111-ст. “Имараттар жана курулмалар”2765,0 миң сом суммасына.
- аймагынын жергиликтүү бюджетине;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э. Токбергенов |