Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №5
Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарды Республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө
"Жергиликтүү бюджеттеринде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо" жөнүндөгү жобону бекитүү боюнча №126 токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" Мыйзамынын 34-жана 39-беренелерине таянып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр энергиясынын 878,6 миң кВт лимити бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэри А.Р.Абдибаевке жана
Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |