Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №6
Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин эмгек акысына үстөктөрдү кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 ПЖ Жарлыгынын 4-5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 –беренесине таянып, Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык Менчик Департамент кызматкерлеринин айлык маяналарына коюлган 50 пайыз үстөктү бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар, Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, оз алдынча башкаруу. регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кошмо отурумунун сунушун карап жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңшинин отуруму т о к т о м к ы л а т :
1. Ноокат шаар мэриясынын кызматкерлеринин кошумча эмгек акысына 50 пайыздык үстөк үчүн 1779 144 (бир миллион жети жүз отуз миң бир жүз кырк төрт) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 306 902 (үч жүз алты мин тогуз жүз эки) сом акча каражаты бекитип берилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын кенже тейлөө кызматкерлерине (МОП) жана техникалык тейлөө кызматкерлерине (ТОП) кошумча 50 пайызлык үстөк үчүн 173, 200 (бир жүз жетимиш үч миң эки жүз) сом, социалдык толомдөрү үчүн 29, 877 (жыйырма тогуз мин сегиз жүз жетимиш жети) сом акча каражаты бекитип берилсин.
3. Ноокат шаардык кеңешинин кызматкерлеринин кошумча бир айлык эмгек акысына 50 пайыздык үстөк үчүн 136008 (бир жүз отуз алты миң сегиз) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 23461 (жыйырма үч миң төрт жүз алтымыш бир) сом акча каражаты бекитип берилсин.
4.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин апаратынын кызматкерлерине 50 пайызга чейинки үстөк акча үчүн 843960 (сегиз жүз кырк үч миң тогуз жүз алтымыш) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 145583 (бир жүз кырк беш мин беш жүз сексен үч) сом акча каражаты бекитип берилсин.
5. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кенже тейлөө кызматкерлерине (МОП) жана техникалык тейлөө кызматкерлерине (ТОП) кошумча 50 пайыздык үстөк үчүн 145728 (бир жүз кырк беш миң миң жети жүз жыйрма сегиз) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 25138 (жыйырма беш миң бир жүз отуз сегиз) сом акча,
6. Ноокат шаар мэриясынын кызматкерлерин материалдык жүйөлөштүрүү жана аларга дем берүү максатында иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 50 (элүү) га чейин айлык акысына үстөктүн өлчөмүн белгилөөнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык бекитилсин.
7.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерин материалдык жүйөлөштүрүү жана аларга дем берүү максатында иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 50 (элүү) га чейин айлык акысына үстөктүн өлчөмүн белгилөөнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык бекитилсин.
8.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
9. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |