Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №7
Ноокат шаар аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу үчүн жыйымдар тарифин жана зоналдык коэффициентии бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74,75,76-беренелерине, тиешелүү укуктук-ченемдик актыларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарына ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1. Ноокат шаарынын аймагында таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдардын тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.1. Калктуу конуштарда туруктуу жашаган жашоочулар үчүн
- ар бир жан башына жылына 50 (элүү) сом.
1.2. Ноокат шаарынын аймагында ишкердик иш жүргүзбөгөн, турак жай боюнча каттоосу жок физикалык жактар (убактылуу жашагандар, ижарачылар, сырттан келген жарандар) үчүн
- ар бир адамга жылына 100 (жүз) сом.
1.3. Коммерциялык багыттагы объектилер үчүн (анын ичинде жеке ишкерлер)
- 1 (бир) чарчы метрине жылына 10 (он) сом.
1.4. Мекеме, ишканалар жана уюмдар (юридикалык жактар) үчүн
- ар бир жумушчуга жылына 100 (жүз) сом.
2. Ноокат шаарынын аймагында жер салыктарын эсептөөдө колдонулуучу зоналдык коэффициент 1,6 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Таштанды жыйымдарын жыйноону уюштуруу жана 2026-жылдын 1-апрелине чейин толук аяктоо Ноокат шаардык мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет. экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын козомолдоо Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |