Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №8
Ноокат шаарынын муниципалдык менчигиндеги коммерциялык багыттагы курулушу бүтө элек 7 кабаттуу имарат жана ага тиешелүү 0,22 га жер тилкесин экономикалык жүгүртүүгө киргизүү максатында «вестициялык ижара келишимии бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектектура боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасына ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү", "КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү", Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларынын 4-главасындагы Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери боюнча 34-беренесинин 2-пунктунун 5-бөлүмчөсүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин регламентинин талаптарын эске алып, Ноокат шаардык кенешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1. Ноокат шаарынын мэриясы менен инвестордун, ижарачынын ортосундагы Ош облусу. Ноокат району. Ноокат шаары, О. Солтобаев көчөсү №1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 5051500200103 болгон муниципалдык объектти инвестициялык ижарага берүү жөнүндөгү келишими (1-тиркемеге ылайык) бекитилсин.
2. Ноокат шаарынын мэриясына: аталган инвестициялык ижара келишимин инвестор менен түзүү жана анын талаптарынын аткарылышын, сакталышын камсыз кылуу милдети коюлсун.
3. Көз карандысыз баалоочунун отчетунун жыйынтыктары ижара акысын аныктоонун мыйзамдуу негизи катары таанылсын.
4. Ижара төлөмдөрүн эсептеп чыгуу жана офсет механизмин ишке ашыруу тартиби бекитилсин.
5. Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |