Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №9
Ноокат шаарынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Шаардын экономикасын көтөрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу, көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында шаардын аймактарына инвестицияларды тартуу багытында, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту. укук тартибин сактоо, оз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат. жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынынын берген тактамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 48-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министирлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин 2024-жылдын 9-апрелиндеги №32, № 01-25/114 сандуу шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун Методологиясын бекитүү жөнүндө буйругунун негизинде, Ноокат шаарынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын, 2025-2030-жылдарга карата ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын, Жергиликтүү кенештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери боюнча 31-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин регламентинин талаптарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1. Ноокат шаарынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы бекитилсин.
2. Ноокат шаарынын мэриясынын 2025-2030-жылдарга карата ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын жана жол картасы бекитилсин.
3. Ноокат шаарынын мэри 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;
4. Токтомдун көчүрмөсүн аткаруу жана маалымат үчүн тийиштүү тараптарга жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет. экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Эгембердиев |