КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры №41/XIV-29
№ 308 «Кант-Красная речка» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү
ташуу тарифин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-бересининин 2-пунктуна ылайык, ААК “Каниет” ишканасынын кайрылуусун жана жүргүнчүлөрдү ташуунун өздүк наркынын эсептерин карап чыгып жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. №308 “Кант-Красная речка” маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн прейскурант бекитилсин:
- Кант - Кенеш – 30 сом;
- окуучулар үчүн – 20 сом;
- айылдар арасында – 20 сом;
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |