Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №10
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Союзуна мүчөлүк акысы үчүн 2025-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Союзуна мүчөлүк акысы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкерлик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундогу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2.3-бөлүктөрүнө ылайык. Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (ЖӨБ Союзу) органдары менен тыгыз кызматташууну улантуу жана ЖӨБ Союзунун Уставына ылайык ар бир жашоочуга 2 сомдон 2026-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 32 344 (отуз эки миң үч жүз кырк төрт) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
3.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмолдоо Ноокат шаардык кенешинин бюджет. экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы
Төрага |
М.Эгембердиев |