Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №11
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Жылуулукту камсыздоо" муниципиалдык ишканасынын, «Ноокат шаарында мамлекеттик объекттерди туруктуу жана энергия-эффективдүү жылуулук менен камсыздоону модернизациялоо» долбоорун колдоо жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Жылуулукту камсыздоо" ишканасынын, «Ноокат шаарында мамлекеттик объекттерди туруктуу жана энергия-эффективдүү жылуулук менен камсыздоону модернизациялоо» долбоорун райондук фонддун эсебинен каржылап берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин, Бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда талкууланып жана угулуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы "Жылуулукту камсыздоо" ишканасынын «Ноокат шаарында мамлекеттик объекттерди туруктуу жана энергия-эффективдүү жылуулук менен камсыздоону модернизациялоо» долбоорун колдоодо Ноокат райондук өнүктүрүү фондуна сунуш болгондугуна байланыштуу, үнөмдөлгөн акча 1000 000 (бир миллион) сом акча каражаты каражатынын эсебинен өздүк салымга ажыратылып берилсин.
2.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
3.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |