Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-январы №12
Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга лизинг аркылуу атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле тиешелүү кайрылууну карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамына жана Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, т о к т о м к ы л а т :
1.Ноокат шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында, атайын техникаларды лизинг жолу менен сатып алууга макулдук берилсин.
2.Белгиленсин: аталган техникалардын жалпы наркынын 30 (отуз) пайызы Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, калган 70 (жетимиш) пайызы жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 5 (беш) жылдык мөөнөткө, жылдык 5(беш) пайыздык үстөк менен лизинг шартында каржыланат.Лизинг аркылуу техникаларды сатып алуу боюнча бардык тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо, келишимдерди түзүү милдети:
Ноокат шаарынын мэрине, Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына
жүктөлсүн.
3.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын
4.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердикти жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Эгембердиев |