Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-марты №1
“Ноокат Суу канал” муниципалдык ишканасынын мүлктөрүн күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
“Ноокат Суу канал” муниципалдык ишканасынын мүлктөрүн күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө, Ноокат шаардык кеңешинин Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда угуп жана талкауулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө мунципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31 беренси жана 78-беренелерине ылайык Ноокат шаардык кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Ноокат шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин ортосундагы 2022-жылдын 11-апрелиндеги №19-04-01/48 субкредиттик макулдашуусу боюнча милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомуна “Ноокат Суу канал” мунципиалдык ишканасынын Коён суу кампасын, Барын скавжина, лазерный суу тазалагыч, кароолкана жери кошулуп күрөөгө коюга макулдук берилсин.
2. Ноокат шаарынын мэриясына, “Ноокат Суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан бюджеттик кредиттин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын жана субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык өз убагында кайтарылышын көзөмөлдөө жагы тапшырылсын. 3.“Ноокат Суу канал” муниципалдык ишканасы белгиленген тартипте “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коому менен күрөө келишимин түзүү жол жобосун жүргүзсүн.
4. Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Эгембердиев |