Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-марты №2
Ноокат Суу канал” муниципиалдык ишканасынын ичүүчү сууга тарифин бекитүү жөнүндө
“Ноокат Суу канал” муниципиалдык ишканасынын ичүүчү сууга тарифин бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин Бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар,ишкердик жургузүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын отурумунда угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренсине 11-бөлүмчөсүнө ылайык Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1.“Ноокат Суу канал” муниципиалдык ишканасынын ичүүчү сууга колдонулатурган төмөндөгү тарифтери бекитилсин.
- Өздүк наркы : 1 метр куб суу үчүн (салыктарды эске албаганда) -41сом 25тн.
Абоненттер үчун категориялар боюнча (салыктарды эске албаганда)
- Калк үчүн: 1 метр куб сууга-32сом 00 тн.
- Бюджеттик мекемелер үчун: 1 метр куб сууга- 80 сом 00тн.
- Комерциялык ишканалар үчүн: 1 метр куб сууга -100 сом 00тн.
2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдын 1-апрель күнүнөн колдонууга киргизилсин.
3. Калк жана башка суу пайдалануучулар арасында жаңы тарифтер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |