Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-марты №4
Ноокат шаарынын 2026–2030-жылдардагы өнөр жай жана өндүрүш секторун өнүктүрүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаарынын 2026–2030-жылдардагы өнөр жай жана өндүрүш секторун өнүктүрүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы “Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, трнаспорт, агрардык маселелер жана энгергетика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренсине ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1.Ноокат шаарынын 2026–2030-жылдардагы өнөр жай жана өндүрүш секторун өнүктүрүү боюнча программасы бекитилсин.
2. Ноокат шаарынын мэриясы:
Программада көрсөтүлгөн иш-чаралардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы камсыз кылсын;
Жыл сайын жергиликтүү бюджетти пландоодо жашылдандыруу иштерине керектүү каражаттарды өзүнчө берене менен карасын;
Донордук уюмдар, жеке ишкерлер жана коомчулук менен биргеликте кошумча инвестицияларды тартуу иштерин жүргүзсүн.
Программалардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жыл сайын Ноокат шаардык кеңешине маалымат берилип турулсун.
3.Токтомдун аткарылышын Ноокат шаарынын мэри А.Р.Абдибаевке милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энгергетика боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |