Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-марты №6
Ноокат шаарында Жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагында Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фондун уюштуруу жөнүндө, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы Бюджет, экономика, финансы, соода инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1. Ноокат шаар аймагында Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фондунун ишин уюштурууга макулдук берилсин
2. Ноокат шаар аймагынын Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө Жобо бекитилсин
3.2027-жылга жергиликтүү бюджеттин долбооруна Фонддун ишинин алкагында жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоого сунуш киргизилсин
4.2027-жылга жергиликтүү жамааттардын демилгелери төмөнкү багыттар боюнча аткарууга кабыл алынаары белгиленсин: билим берүү, турак жай-коммуналдык чарбалары үчүн.
5.Ноокат шаарынын мэри А.Р.Абдибаев Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык долбоорлорду тандоо жол-жоболору боюнча ишти баштасын.
6.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
7.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы Бюджет, экономика, финансы, соода инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |