Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-марты №7
Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү эски көрүстөндү рекультивациялоого макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү эски көрүстөндү рекультивациялоого макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин Муниципиалдык менчик,өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34,39-беренесине ылайык, Ноокат шаардык кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1.Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндө жайгашкан эски көрүстөндү рекультивациялоого макулдук берилсин.
2.Ноокат шаарынын мэри А.Р.Абдибаевке токтомдо көрсөтүлгөн жердин тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра тариздөө үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштама берүү жана иш кагаздарын жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин Муниципиалдык менчик,өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |