Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-марты №8
Ноокат шаардык мэриясынын 2025-жылга мерчемделген иш планы боюнча мэр Р.А.Абдибаевдин аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34,39-беренелерине жана Ноокат шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Ноокат шаарынын мэри А.Абдибаевдин 2025-жыл ичиндеги аткарган иштеринин отчету угулуп, талкууланып, Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык ишканаларынын жүрүзгөн иштеринин шаардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүшүнө тийгизген таасирине ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1. Ноокат шаарынын мэри Р.А.Абдибаевдин жетекчилигинде 2025-жылга карата аткарылган иштери тууралуу отчету эске алынсын.
2. Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык ишканалар:
-“Муниципиалдык менчик Департаменти” ишканасы,
-“Ноокат Суу канал “ муниципиалдык ишканасы,
- “Ноокат Тазалык” муниципиалдык ишканасы,
-“Ноокат Жылуулук” муниципиалдык ишканалары тарабынан жүргүзүлгөн иштер калк арасында нааразычылыктарды жаратып, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөндөшүнө, ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизгендиги белгиленсин.
3. Ноокат шаарынын мэри А.Абдибаевдин жетекчилигинде 2025-жыл ичиндеги аткарган иштеринин “отчету канааттандыраарлык эмес” деп табылсын, кетирген кемчиликтери менен каталарын ондоп, жоюп 2026-жылдын 2-кварталынын аягына чейин мөөнөтү берилсин, аткарган иштеринин отчёту кайрадан угулсун.
4. Ноокат шаарынын мэрине төмөнкү милдеттер жүктөлсүн :
5.-“Муниципиалдык менчик Департаменти”, “Ноокат Суу канал“ жана “Ноокат Тазалык“,
“Ноокат Жылуулук” муниципиалдык ишканаларынын ишмердлгун ар тараптуу эл менен иштетш, ишканалардын эколномикалык потенциалы менен рентабилдүүлүгүн жогорулатуу,инвестицияларды тартуу,кирешелерин жогорулатуу,укук бузуулардын, коррупциялык аракеттерин алдын алуу жана көрүнүштөрүн жоюу жана иш пландарын жаңылоо менен сапаттуу аткарылышына талдоо жүргүзүү.
6.Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып,белгиленген тартипте,шаардык кеңешке макулдагууша киргизүү
7. Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10.Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы катчы К.Тагаевага, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо,мандат,депутаттык этика,өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Эгембердиев |