А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы
2025-жылдын 15-январы № 4-2
Келечекте А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына курулушу көздөлгөн саркынды суу түтүктөрү тизиминин тазалочу курулмалары курулушу көздөлгөн жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын инфраструктурасын жана Ноокат шаарын калкынын саны жылдан-жылга ашып урбанизация процесси жылдан жылга көйгөйлүү маселеге айланып, экинчи жактан Ноокат шаарынын жана райондук борборго жанаша жайгашканайыл аймактарында калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн жер аянтын тартыш экендиги эске алынып, саны артып бара жаткан элди турак-жай менен камсыз кылуу маселесин чечүүнүн эң туура жолу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу экендиги анык. Мындай жол менен маселени чечүү үчүн керектүү инфраструктура тизимин түзүү керек, башкача айтканда Ноокат шаарынын жана шаарга жанаша жайгашкан айыл аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу максатында, калктуу конуштардан чыккан турмуш-тиричилик чыгындыларын чыгарып кетүү үчүн канализация тизимин куруу маселесин чечүү болгондуктан жогорудагы маселени актуалдыгын эсепке алып, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаттары, Ноокат шаарында жана райондук борборго жанаша жайгашкан (Мирмахмудов,Гулистан) айыл аймактарында турмуш тиричилик чыгындыларын ташып чыгып кетүү үчүн канализация тизимин жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларынын курулушуна жер тилкесин ажыратып берүү максаттуу иш болорун эсепке алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 2гл. 27-беренесинин 1-пункту- 1,2,5,8,15 бөлүмдөрүнүн, №34-беренесинин 7, 17-бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 2-гл. №13-беренесинин 2, 3-пунктунун, №27-беренесинин 1-пунктунун талаптарынын негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 2гл. 27-беренесинин 1-пункту- 1, 2, 5, 8, 15 бөлүмдөрүнүн, №34-беренесинин 7, 17-бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 2-гл. №13-беренесинин 2, 3-пунктунун, №27-беренесинин 1-пунктунун талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
- А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Кара-Кокту айылында жайгашкан № 645, № 646 таштак жайыт жерден 3га. жер аянты келечекте курулушу көздөлүп жаткан канализация тизиминен келүүчү саркынды сууларды тазалоочу курулмаларынын имаратын куру үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
- Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген жер аянтын, Айыл чарба багытынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына трансформациялап берүү жагы суралсын.
- Ушул токтом мыйзам негизинде аткаруууга алынсын.
- Токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматов жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевдерге жүктөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзмадуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Ч.Самиев |