Редакцияот 15.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы

2025-жылдын 15-январы № 4-2

Айыл өкмөт башчысы тарабына берилген катты кароо жөнүндө

    А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин аймагына караштуу Барын айылынын “Момун каары”, “Г.Гулям”, “Т.Кулатов” атындагы көчөлөрүнүн тургундары айыл өкмөтүнө коллективдүү арыз менен кайрылышып, элди медициналык амбулатордук текшерүүлөрдүн өтүүсүнө ГСВ-25 мекемеси алыс болгондуктан, Барын айылында жайгашкан «А.Навойи» орто мектебинин териториясынан 0,06га жер ажыратып, ФАПтын имаратын куруп берүү үчүн 2025-жылдын 15-январындагы №11 сандуу  сунушу менен кайрылган. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 8-чакырылыш депутаттарынын  4-сессиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1,2,15-бөлүмдөрүнүн жана 34-беренесинин 1,5-бөлүмдөрүнүн негизинде айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1.  А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы тарабынан 2025-жылдын 15-январындагы №11 сандуу сунуш каты, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1,2,15-бөлүмдөрүнүн жана 34-беренесинин  1,5-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн талаптардын негизинде аткарууга алынсын.
  2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну А.Мирмахмудов   атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы  М.Нурматовго   милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын төрагасы Ш.Мирзахамдамовго тапшырылсын.

 Төраганын орун басары

 

Ч.Самиев