Редакцияот 15.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 4-сессиясы

2025-жылдын 15-январы № 4-5

2025-2027-жылдарга карата А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, айылдык кеңештин ”экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш ” боюнча  туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,  А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин  кезектеги IV   сессиясы

 

                                   Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. 2025-2027-жылдарга карата А.Мирмахмудов атындагы   айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүүгө макулдук берилсин.
  2. Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын  айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго  тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов  айылдык кеңешинин  “экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Төраганын орун басары

 

Ч.Самиев