Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясы

 

2025-жылдын 27-февралы № 5-1

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасын бекитип берүү жөнүндө

    А.Мирмахмудов атындагы  айыл аймагындагы турак-жай имараттарына  мүлк салыгынын ставкасын бекитип берүү максатында,  Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 37 мыйзамынын 379-беренесиндеги 1-пунктуна ылайык, Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча   туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, А.Мирмахмудов айыл  айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясы

 

                                                                   Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

 

1.    А.Мирмахмудов атындагы  айыл аймагындагы турак-жай имараттарына мүлк салыгынын ставкасы Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-февралындагы №01-3/169 сандуу катында сунушталган  орточо ставкаларга негиз, 1м2 аянтка 12,66 сомго бекитилсин.

2.    Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жүктөлсүн.

3.    Ушул токтом Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Ноокат району боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов  айылдык кенешинин экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төраганын орун басары

 

Ч.Самиев