Редакцияот 27.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясы

 

2025-жылдын 27-февралы № 5-4

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы бюджетин көтөрүү максатында берилген тарифин бекитүү жөнүндө

   А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын жашоочуларына жеткирилген таза ичимдик суусуна “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 26-февралындагы №2 сандуу сунуш катынын негизинде  2025-жылдын бюджетин көтөрүү максатында ичүүчү суунун тарифин  бекитүү  жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда  карап  жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 2-4-бөлүмдөрүнүн жана 34-беренесинин 4-бөлүмүнө таянып  А.Мирмахмудов  айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясы

                                                            Т О К Т О М  К Ы Л А Т :

1.    “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген  ичүүчү суунун тарифи 1 метр куб таза сууга 27,0 сом өлчөмүндө    бекитүүгө макулдук берилсин. 

2.    Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Айтиевге жүктөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов  айылдык кенешинин экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча   туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Төраганын орун басары

 

Ч.Самиев