А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 5-6
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагына караштуу кээ бир көчөлөрдүн аталышын алмаштыруу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан аталышы жок жаңы көчөгө наам берүү “Санариптик аймак” калкты каттоо системасына киргизүү жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрүн жана айыл тургундарынын кайрылууларын канааттандыруу максатында, аты коюлбай калган кээ бир көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп, арыз менен кайрылган жашоочулардын арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Ж3ергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү мыйзамынын 34- беренесинин негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан аталыштары жок көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп, «Санариптик аймак» калкты каттоо системасына киргизүү жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын арыздарын канааттандыруу максатында аларга төмөнкүдөй наам берилсин:
Барын айылы,
- Барын айылындагы Фуркат көчөсү - Узакбай Касимов атындагы көчөсү,
- Барын айылынын Сельхозхимия көчөлөрүнүн күн чыгыш тарабындагы эң акыркы көчөсү -Сельхозхимия 5-көчөсү деп аталсын.
- Арал айылынын Орто кызыл участкасындагы жаңы көчө –Эратов Кудайберди атындагы көчө деп аталсын.
- Токтомдун аткарылышын жана «Санариптик аймак» калкты каттоо системасына киргизүү, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго, турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ю.Сайтбаевге жана айыл өкмөтүнүн башка тиешелүү адистерине милдеттендирилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Ч.Самиев |