Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 6-5
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан үнөмдөлгөн бюджеттик калдыгын экономикалык суроолор бөлүмүнө жылдыруу жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүн максат кылып, жергиликтүү бюджетинин тартыштыгынан каралган акча каражатты үнөмдүү пайдалануу, Мирмахмудов айыл аймагындагы социалдык мекемелерге көңүл буруу менен 2024-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акча каражатын жергиликтүү бюджеттин экономикалык суроолор бөлүмүнө жылдырылсын. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Мирмахмудов айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2024-жылдан үнөмдөлүп калган 5 457 000 (беш милион төрт жүз миң) сом
бюджеттик калдыгын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин экономикалык суроолор бөлүмүнө жылдырылсын.
2. Аталган бөлүмдөн каражатты сарптоодо айылдык кеңешинин чечими аркылуу
каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматов
жана айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Ували уулу Тынычбекке жүктөтүлсүн.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Ч.Самиев |