Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 6-7
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Капчыгай айылындагы Араван дарыясынын Араван – Сай бөлүмүнөн 2,21 чекитинен 6,0га жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Капчыгай айылындагы Араван – Сай бөлүмүнөн 2,21-чекитинен 6,0га жер аянтына кичи ГЭС куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов айыл аймагынын Капчыгай айылындагы Араван дарыясынын
Араван – Сай бөлүмүнөн 2,21- чекитинен 6,0га жер аянтына кичи ГЭС курууга үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Бекитилген жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу жана жердин санитардык,
экологиялык абалына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдын негизинде иш алып баруу, тиешелүү документтерин даярдоо А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,
укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Ч.Самиев |