Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 7-сессиясы
2025-жылдын 24-июну № 7-2
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы №4-1 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган айылдык бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы №4-1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени карап, "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесине таянып, жергиликтүү бюджеттин 2026-2028-жылдарга орто мөөнөттүү болжолдуу долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуннун негизинде, депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 7-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдарга айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашаларынын болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 1-тиркеменин негизинде жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономика боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төраганын орун басары |
Ч.Самиев |