Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 9-октябры № 11-1
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Элдик бийликтин негиздерин бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, региондук көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын конститутуциясынын 70,71-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы «Элдик Курултай жөнүндө» Жарлыгынын негизинде Кезектеги IVЭлдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1протоколуна ылайык, А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1 А.Мирмахмудов айыл аймагында IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10.00 дө А.Беруний атындагы жалпы билим берүү мекемесинин жыйындар залында өткөрүлсүн.
1. А.Мирмахмудов айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын курамы калктын санына ылайык 100 (бир жүз элү) делегаттан турары белгиленсин (№ 1 Тиркеме) .
2. Тиешелүү аймак бөлүктөрүнөн жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына делегат шайлоо боюнча жыйындар ушул жылдын 17-октябрынан тартып 24-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин (№ 2 Тиркеме).
3. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын, чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн адистери жана кошулган активистери бекитилсин. (№3-тиркеме тиркелет)
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары – Жумушчу топ). (№ 4-тиркеме тиркелет)
5. Ар бир айылдын айыл башчысы айылдын чогулушун уюштурууга көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилсин.
6. Жыйындарды алыскы Капчыгай, Буудайлык айылдарында уюштуруп өткөрүүгө жана кээ бир чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржылап берилсин.
Төрага |
Ч.Самиев |