Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 9-октябры № 11-13
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 7-чакырылыш деутаттарынын 2023-жылдын 5-октябрындагы №19-8 токтомуна өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 7-чакырылыш депутаттарынын 2023-жылдын 5-октябрындагы №19-8 токтомунда, Киров айылынын тургуну Ахматов Равшанбекке Ноокат райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан берилген Сериясы Ч №0020247, идентификациялык № 5-05-14-1001-1308 саны менен 2004-жылдын 13-апрелинде №296 номери менен катталган. Жалпы пайдалануудагы 800,0ч.м жер аянтын «Кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алуу келишиминин» негизинде алып, үй салып жашап жаткандыгы, бирок аталган жердин максаттык багыты боюнча «дүкөн» болуп катталгандыгына байланыштуу, турак жайга которуп берүүгө уруксат берилген. Бирок аталган токтомдо жер аянты катачылык менен 800,0ч.м деп көрсөтүлүп калган. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-июнундагы №6/5 токтомуна жана Ноокат райондук Жер жана агрардык реформа боюнча борборунун 2003-жылдын 23-июнундагы №47 буйругунда көрсөтүлгөн жер аянты боюнча, Ахматов Равшанбектин карамагында жалпы аянты 0,11га деп көрсөтүлгөндүгү себептүү, жер аянтын 0,11га деп толуктап берүү боюнча сунушун, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин тиешелүү комитетинен турган комиссиясы Акт түзүшүп беришкен. Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына таянып, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз 11-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Төрага |
Ч.Самиев |