Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 9-октябры № 11-15
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин, А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү тууралуу 2025-жылдын 15-январындагы №4-1 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган айылдык бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы №4-1 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп, талкуулап, 2025-жылга карата бекитилген бюджеттин болжолу 40 459 300сомго тогуз айдын жыйынтыгы менен кошумча 4 732,0 сом каражат түшкөндүгүнө байланыштуу, 2025-жылдын бюджетине кошумча киреше катары киргизүү тууралуу А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан берилген маалыматын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине 3 пунктуна жана 13-беренесинин 2-пунктуна таянып депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз 11-сессиясы өзгөртүү толуктоолор менен
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашаларын бекитүү жөнүндөгү №4-1 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети 40 459 300 (кырк миллион төрт жүз элүү тогуз миң үчжүз) сом өлчөмүндө бекитилип, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кошумча айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 3000,0(үч миллион),патент негизинде салыгынан 1000,0(бир миллион), кыймылсыз мүлккө салыгынан 132,0(бир жүз отуз эки миң),актив боюнча 600,0 (алты жүз миң) сом, жалпы сумма 4 732,0 (төрт миллион жети жүз отуз эки миң) сом каражат жыйналган. Жыйналган ашыкча каражат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине киргизилип 31-11 экономикалык суроолор бөлүмүнө жылдырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын жана кошумча жыйналган каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана ФЭБнүн башчысы Ували уулу Тынычбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономика боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
Ч.Самиев |