Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 11-сессиясы
2025-жылдын 9-октябры № 11-16
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын “Башкы планын” даярдоого каражат кароо жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл өкмөт башчысынын орун басарынын 2025-жылдын 9-октябрындагы №214-сандуу сунуш каты менен А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен айыл аймагынын “Башкы планын” даярдоого 500,0 (беш жүз миң)сом экономикалык суроолор бөлүмүнөн ажыратып берүүнү суранган. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-3-пунктарына таянып депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз 11-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары тарабынан берилген №214-сандуу сунуш каты, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматы жактырылсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен айыл аймагынын “Башкы планын” даярдоого 500,0 (беш жүз миң)сом экономикалык суроолор бөлүмүнөн ажыратып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын жана ажыратылган каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана ФЭБнүн башчысы Ували уулу Тынычбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын депуттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономика боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
Ч.Самиев |