Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын токтому
2025-жылдын 20-ноябры № 12-1
Барын айылынын Таштак бөлүмүндөгү 3,35 га жер аянтын көрүстөн үчүн трансформациялоого (категориясын которууга) макулдук берүү жөнүндө
А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын Таштак бөлүмүнөн көрүстөн үчүн 3,35 га жер аянтын трансформациялоо (айыл чарба багытындагы жерлерден башка категорияга которуу) маселесин айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине таянып, А. Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылына караштуу Таштак
бөлүмүндөгү «көп жылдык мөмөлүү дарактар» категориясындагы жерлердин эсебинен көрүстөн үчүн 3,35 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан башка категорияга которууга) макулдук берилсин.
2. Көрүстөн үчүн бөлүнүп жаткан 3,35 га жер аянтын трансформациялоого тиешелүү
иш кагаздарын (жерге жайгаштыруу делосун) даярдоо жагы А. Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нурматовго жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ю. Сайтбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
«Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу, өнөр жай, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.Самиев |