КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
19-сессиясы
2026-жылдын 25-июлу №8
Айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 31- январындагы айылдык кеңештин №15-2 токтому менен бекитилген бюджетинин алты айлыкта аткарылышынын абалы тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 14-июлундагы № 01-01-33/919 сандуу катынын негизинде жана алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жана айылдык кеңештин 2026-жылдын 31-январындагы №15-2 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолорду жүргүзүү тууралуу айыл өкмөтүнүн жана туруктуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун жана 17-пунктчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде аткарылган иштер боюнча берген отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Айылдык кеңештин 2026-жылдын 31-январындагы №15-2 токтому менен бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоолорду, толуктоолорду жүргүзүү жагы 1-2- тиркемеге ылайык бекитилсин жана айыл өкмөтүнүн башчысына, ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин ( 1-2-тиркеме тиркелет).
3. Түлкү-Дөбө, Жүктү көчөлөрүнө долбоордун негизинде айыл өкмөтүнүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1398,4 миң сомду мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы каралсын.
4. “Биримдик кербени” деп аталган 2026-жылы боло турган көчмөндөр оюнуна 2 аттын формасына жана 40 күндүк чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 160 миң сомду мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы каралсын.
5. Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык
менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык
байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө
жүктөлсүн.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |