Редакцияот 25.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги

19-сессиясы

 

2026-жылдын 25-июлу  №14

 

Шаңкол айылынын тургуну М. Ташбаевдин кайрылуусун кароонун жыйынтыгы жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевдин ишмердүүлүгү жөнүндө

 

Кеңеш айылдык кеңеши кезектеги 19-сессиясы Шаңкол айылынын тургуну М. Ташбаевдин арызын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевдин ишмердүүлүгүндө орун алган мыйзам бузуулар боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3,8 жана 13-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун жана 17-пункттарына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Шаңкол айылынын тургуну М. Ташбаевдин кайрылуусу Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык айылдык кеңештин компетенциясынын алкагында толук жана ар тараптуу каралды деп эсептелсин.

2. Жарандардын кайрылуусунда көрсөтүлгөн Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевдин калк менен иштешпегендиги, жер маселелеринде жана жолдорду пайдаланууда орун алган мыйзам бузуулары, ошондой эле финансы-бюджеттик тартипти бузуу фактылары Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына каршы келет деп табылсын жана анын ишмердүүлүгү “канааттандырарлык эмес” деп баалансын.

3. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ( Мыйзамсыз аракеттер же аракетсиздиктер үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги) ылайык, кайрылууда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга юридикалык баа берүү, айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевдин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин кароо жана тийиштүү чараларды көрүү сунушу менен сессиянын материалдары, Билдирүү кат Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына ылайык арыз ээси М. Ташбаевге кайрылуусун кароонун жыйынтыгы жана кабыл алынган чечими тууралуу белгиленген мөөнөттө жазуу түрүндө расмий жооп жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

6. Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, суу чарба жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жороев Бактыбекке жүктөлсүн.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                      

 

 

 

 

 

 

 

  

Төрага

 

О.С. Абдырахманов