Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры №45/XIV-29
Долбоорлорго катышууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 1-главасынын 78-беренесинин негизинде, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Кожомамбетовдин Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондуна катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен Буденовка айылындагы “Чапаев көчөсүн асфальттоо” боюнча 1 343 298 (бир миллион үч жүз кырк үч миң эки жүз токсон сегиз) сом, Кенеш айылындагы “Маданият үйүнүн тышын оңдоо” боюнча 186 863 (жүз сексен алты миң сегиз жүз алтымыш үч) сом, Буденовка айылындагы “Нур-Наристе мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо” боюнча 1 847 190 ( бир миллион сегиз жүз кырк жети миң жүз токсон) сом долбоорлорго өздүк салым түрүндө каражаттарды бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкү долбоорлого катышууга материалдар жактырылсын:
1) “Чапаев көчөсүн асфальттоо”;
2) “Маданият үйүнүн тышын оңдоо”;
3) “Нур-Наристе мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо”.
2. Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондуна Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым кошууга төмөнкү долбоорлорго кепилдик беребиз:
1) 1 343 298 (бир миллион үч жүз кырк үч миң эки жүз токсон сегиз) сом “Чапаев көчөсүн асфальтоо”;
2) 186 863 (жүз сексен алты миң сегиз жүз алтымыш үч) сом “Маданият үйүнүн тышын оңдоо”;
3) 1 847 190 ( бир миллион сегиз жүз кырк жети миң жүз токсон ) сом “Нур-Наристе мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо”.
3. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И. Токбергенов |