Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
19-сессиясы
2026-жылдын 25-июлу №20
“Байыш айылындагы Мадраимов Шерали ата көчөсүнүн 1554 метр бөлүгүн асфальттоо” курулушу боюнча долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу
Ноокат райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылоо долбооруна жөнөтүлгөн “Байыш айылындагы Мадраимов Шерали ата көчөсүнүн 1554 метр бөлүгүн асфальттоо” долбоордун өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратып берүү тууралуу долбоордун жетекчисинин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Байыш айылындагы Мадраимов Шерали ата көчөсүнүн 1554 метр бөлүгүн асфальттоо” долбоордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 000 000 (бир миллион) сом. Коомчулуктун эсебинен- 1 459 520 ( бир миллион төрт жүз элүү тогуз миң беш жүз жыйырма) сом, жалпысынан 2 459 520 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А. Мадраимовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Айылдык кеңештин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исабаева Орозгүлгө жүктөлсүн.
.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |