Редакцияот 06.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 6-ноябры №46/XIV-29

Долбоорго катышууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 1-главасынын 78-беренесинин негизинде, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Кожомамбетовдин Бирдик айылындагы “Юбилейная көчөсүн асфальттоо” боюнча долбоорго дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 815 408 (үч миллион сегиз жүз он беш миң төрт жүз сегиз) сом (45%) жана Кенеш айылындагы “Маданият үйүнүн тегерегин тосуу жана имаратын оңдоо” боюнча 301 385 (үч жүз бир миң үч жүз сексен беш) сом , Буденовка айылындагы мектепке чейинки билим берүү “Нур-Наристе бала бакчасын оңдоо иштерине 4617976

( төтр миллион алты жүз он жети миң тогуз жүз жетимиш алты) сом (50%) өздүк салым түрүндө каражаттарды бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. “Юбилейная көчөсүн асфальттоо”, “Маданият үйүнүн тегерегин тосуу жана имаратын оңдоо” жана “Буденовка айылындагы мектепке чейинки билим берүү “Нур-Наристе” бала бакчасын оңдоо иштери” долбоорлоруна катышуу боюнча материалдар жактырылсын.

2. Дем берүүчү грантка Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен “Юбилейная көчөсүн асфальтоо” боюнча долбоорго 3 815 408 (үч миллион сегиз жүз он беш миң төрт жүз сегиз) сом (45%), “Маданият үйүнүн тегерегин тосуу жана имаратын оңдоо”долбооруна 301 385 (үч жүз бир миң үч жүз сексен беш) сом, “Буденовка айылындагы мектепке чейинки билим берүү “Нур-Наристе” бала бакчасын оңдоо” долбооруна 4 617 976 ( төрт миллион алты жүз он жети миң тогуз жүз жетимиш алты ) сом (50%) салым кепилденет.

3. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Э.И.Токбергенов