Редакцияот 06.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын кезексиз 15-сессиясы

 

2026-жылдын 06-августу  №15-2

Гулистан айыл аймагында 2026-жылда Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик дем берүүчү гранттар эсебинен жана Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан колдонулган долбоорлорго элдик салымдарды иштетилишине уруксат берүү жөнүндө

            2026-жылда Гулистан айыл аймагында республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү гранттар эсебинен Гулистан айылындагы “Н. Абдурасулов” көчөсүн, Беш-Коргон айылындагы “Достук” көчөсүн асфальттоо боюнча долбоорлору колдоого алынган. Мындан тышкары Ош облустук өүктүрүү фонду тарабынан Беш-Коргон айылындагы “Исмаил-ата” жана “Мамажанов” көчөлөрүн асфальттоо долбоору колдоого алынган. Бул долбоорлордо гранттык каржылоодон тышкары элдик салым дагы каралган. Элдик салымдарды долбоорлорго иштетилишине уруксат берүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, айлдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, токтом кылат:

 

1. Төмөндөгү долбоорлорго элдик салым катары түшкөн акча каражаттардын иштетилишине уруксат берилсин:

- Республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү грант эсебинен колдоого алынган Гулистан айылындагы “Н.Абдурасулов” көчөсүн асфальттоо долбооруна элдик салым катары түшкөн 388 250 (Үч жүз сексен сегиз миң эки жүз элүү) сом акча каражатын иштетилишине;

- Республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү грант эсебинен колдоого алынган Беш-Коргон айылындагы “Достук” көчөсүн асфальттоо долбооруна элдик салым катары түшкөн 450 000 (Төрт жүз элүү миң) сом акча каражатын иштетилишине;

- Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган Беш-Коргон айылындагы “Исмаил ата” жана “Мамажанов” көчөлөрүн асфальттоо долбооруна элдик салым катары түшкөн 5 000 000 (Беш миллион) сом акча каражатын иштетилишине.

2.Долбоорлорго элдик салым катары түшкөн акча каражаттарды максаттуу иштетилиши Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Саттаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.

3.Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

  

 

 

 

 

 Төрага

 

 У.Мирзакулов