Редакцияот 18.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 18-декабры №51/XVI-29

№ 328 «Кант-Жээк-Дача» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү

ташуу тарифин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-бересининин 2-пунктуна ылайык, ААК “Каниет” ишканасынын кайрылуусун жана жүргүнчүлөрдү ташуунун өздүк наркынын эсептерин карап чыгып жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. №328 “Кант-Жээк-Дача” маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн прейскурант бекитилсин:

- Кант - Дача– 30 сом;

- окуучулар үчүн – 15 сом;

- Дмитриевка-Дача – 20 сом;

2.  Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Э.И.Токбергенов