ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 08-сентябры №16-2
“Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коомунун жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү боюнча 2026-жылга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айылдык кеңешине “Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коому жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү үчүн, Гулистан айыл аймагында автоунаалардын 2026-жылга кызмат көрсөтүү акын белгилеп берүү сунушу менен кайрылган. Бул кайрылуу менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коомунун автоунаалардын 2026-жылга кызмат көрсөтүүсүнүн күндүзгү жана түнкү акы: отургузуу акы 30 сом, андан кийин ар бир километрге 35 сомдон кылып белгиленсин.
- Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |