ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыш) депутаттарынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 08-сентябры №16-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 28-апрелиндеги чыгыш №04-1/Сл сандуу кызматтык катын кароо жөнүндө
Катта Гулистан айыл өкмөтүндө жаңыдан түзүлгөн “Гулистан – Таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Сабировдун сураныч катын кароо көрсөтүлгөн. Бул катта муниципалдык ишкананын жетекчиси жардам катары жергиликтүү бюджеттен 500 000 (Беш жүз миң) сом акча каражатты субсидиялык иретинде бөлдүрүп берүүнү суранган. Бул кызматтык кат менен Гулистан айылдык кеңеши таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык, токтом кылат:
- Гулистан айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 28-апрелиндеги чыгыш № 04-1/Сл сандуу кызматтык каты каралгандыгы белгиленсин.
- Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу “Гулистан-Таза аймак” муниципалдык ишканасына жардам катары колдоо максатында субсидия берүү маселесинин бардык жагдайлары кеңири үйрөнүлүп, керектелүүчү акча каражаттын булактарын табуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик
реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экномика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |