Редакцияот 22.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ⅷ чакырылышынын 17-сессиясы

 

 

2026-жылдын 22-июну №12

 

Көк-Жар айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби” жөнүндө №502 токтомун аткарууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби“ жөнүндө   №502 токтомун аткарууга алуу максатында  Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:

 

           1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби” жөнүндө  №502 токтому Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан мыйзам чегинде  аткарууга алынсын.

           2. Айыл аймактагы ар бир айылдын көрүстөнү болгондугуна байланыштуу, маркумга жайды брондоо акысыз тартипте, ашар жолу (каада-салттарга туура келбегендигине байланыштуу) аркылуу ишке ашырылсын.     

              3. Ээси аныкталбаган маркумдарды көмүүдө расымдык иш чаралары үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.

          4. Ушул токтом Көк-Жар айыл өкмөтүнүн расмий  веб-сайтында жарыялансын.

          5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик

реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

          6. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

          7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча   туруктуу комиссиясынын    боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

        

 

 

Төрага:

 Р. Арапов