Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы №55/XVII-29
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетин
бекитүү, 2027-2028-жылдар боюнча божомол берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесинин негизинде, ошондой эле Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.К.Бектемированын «2026-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша эсеп-кысап бөлүгүн бекитүү жөнүндө, 2026-2027-жылдар боюнча бюджетке божомол берүү жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгү суммасы 39 918,0 миң.сом бекитилсин, анын ичинде:
- дем берүүчү грант – 17 553,6 миң.сом;
- бюджеттик каражаттар – 20 054,4 миң.сом;
Бөлүмдөр боюнча:
- Башкаруу аппараты – 12 043,8 миң.сом;
- Коомдук тартип – 24,4 миң.сом;
- Жайыт комитет – 800,0 миң. сом;
- Турак жай коммуналдык чарба – 12 636,0 миң. сом;
- Спорттук мекемелерди башкаруу жана колдоо көрсөтүү – 239,2 миң.сом;
- Китепкана – 1076,5 миң. сом;
- Клуб – 1 620,0 миң.сом;
- Мектепке чейинки билим берүү мекемеси – 5 057,8 миң.сом;
- Мектеп – 2 552,3 миң.сом;
- Социалдык жактан кам көрүү -1 558,0 миң. сом;
- Атайын каражаттар менен – 2 310,0 миң.сом (МЧББУ).
2. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык, киреше булактарынан келип түшүүлөрдүн эсебинен калыптанат. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо каражаты № 2 тиркемеге ылайык каралсын.
2026-жылга карата жергиликтүү бюджетке чегерүү нормативи жалпы мамлекеттик кирешеден келип түшүүсү бекитилсин:
- Салык агенти төлөөчү киреше салыгы 100% өлчөмүндө айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине;
- Ыктыярдуу патенттин негизде салык, милдеттүү патенттин негизинде салык, бирдиктүү салык, жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы боюнча чекене соодадан салык 100% айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине;
- Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (Роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди эсепке албаганда 50% өлчөмүндө жергиликтүү талааларды иштетүүдө айыл аймактарынын бюджетине.
- Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы- кендер иштетилген жер боюнча жергиликтүү бюджетке 7% өлчөмүндө;
- Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр 20% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке.
3. 2027-2028-жылдары жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу бекитилсин:
- 2027-жылга киреше жана чыгаша болжолу суммасы – 28 235,9 миң. сом;
- 2028-жылга киреше жана чыгаша болжолу суммасы – 28 574,4 миң. сом.
4. Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын 2026-жылга карата каржылоо келип түшкөн фактылуу кирешелердин чегинде жүргүзүлүп, аны менен бирге эң биринчи кезекте коргоодо турган беренелер боюнча (айлык акы, соцфондко жиберилүүчү которуулар, тамактануу, коммуналдык тейлөө) каржылоо жүргүзүүлөрү белгиленсин. Чыгашаларды коргоодо турган беренелери штаттык эсептеги вакансияларга жараша жана нормативдик актылардын кабыл алынышы боюнча кыскарып кетиши мүмкүн.
5. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысына 2026-жылы артып калган бош каражаттын эсебинен, божомол боюнча түшкөн кирешенин үстөгүн, кирешелердин чыгашалардан ашып кеткенинин эсебинен бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду айылдык Кенеш менен макулдашып гана киргизүү укугу берилсин. Штаттык ырааттамага ылайык, эмгек акынын лимити бекитилсин. Штаттык ырааттама №3-6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кочкорбаев айыл окмоту жергиликтүү бюджетти аткаруу учурунда киреше бөлүгү ашыгы менен аткарылса, анда үстөк каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган социалдык көйгөйлөрдү чечүү маселелерине, Улуттук жана Мамлекеттик Программаларды жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын токтомдорун жана буйруктарын аткарууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого(жылдын аягы менен, Нооруз, 31-август жана ЖӨБО күндөрүнө карата), коммуналдык тейлөөлөрдөгү карызды жабууга жумшалуусун, эгер муктаждык пайда болсо, өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына убактылуу каржылык жардам көрсөтүүгө.
7. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Ысык-Ата финансы башкармалыгына 2026-жылга карата чыгашалардын сметасы жиберилсин.
8. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жакырчылыгын жогорулатуу максатында, алардын жашоо турмуш шартын изилдөө менен арыздардын түшүүсүн эске алуу менен 5,0 – 10,0 миң сом өлчөмүндө материалдык жардамдардын көрсөтүлөт, түзүлгөн жагдайга жараша
айылдык Кенеш менен макулдашканда гана каржылануусу жогорулайт.
9. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин атайын эсебине ата-энелер тарабынан төлөнүүчү бир күндө ар бир балага тамак ашка болгон 2026-жылга нормативи айылдык кеңештин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 53/XVI-29 токтомуна ылайык бекитилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э. Токбергенов |