Редакцияот 15.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 15-октябры № 757-VIII

Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун 2026-жылдын 12-июнундагы № 135 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

1. Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары – Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Чотонов М.О. – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;

Калбердиева М.К. – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;

Бекешев Д.Д. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;

Садырбаева Ж.Э. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;

Эгенбердиева Ж.А. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;

Мавлянова М.Э. – №3 көп мандаттуу шайлоо округунан;

Акимбаева Г.О. – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;

Ашымбаева Т.А. – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;

Рустамбек уулу С. – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;

Аманова Б.К. – «Ишеним» депутаттык тобунан;

Култаева Г.О. – «Ишеним» депутаттык тобунан;

Торобекова Н.Т. – «Ишеним» депутаттык тобунан;